Президенттикке талапкер болуу үчүн дагы 3 адам БШКга арыз берди

Президенттикке талапкер болуу үчүн дагы 3 адам БШКга арыз берди

Президенттик кызматка талапкер болуу үчүн дагы 3 адам Борбордук шайлоо комиссиясына арыз беришти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-ноябрда арыз бергендер Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде декан Анар Зарипова,ЖТРдин мурдагы жетекчиси Куттуумидин Базаркулов  жана убактылуу жумушсуз жүргоң Бакыт Романов.

Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 27 адамга жетти. Буга чейин шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген Бакыт Бакетаев мурдагы ниетинен баш тартып, документтерин кайтарып алган.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова, Урустам Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Үмөталиева жана Арсланбек Малиев БШКга арыз берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>