Site icon Reporter.kg

Президенттикке талапкерлердин БШКга документ тапшыруусу качан аяктайт?

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана ага даярдануу боюнча иш-чаралардын графигин бекитти.

24-октябрда өткөн БШКнын жыйынында мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоонун күнү белгиленген.

Президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлер  6-декабрь саат 24:00гө чейин БШКга талап кылынган документтерди тапшырышы керек.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөрүн тастыктаган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Exit mobile version