Site icon Reporter.kg

Президенттин өзгөчө абал боюнча токтому парламент тарабынан колдоо тапты

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгы парламент депутаттары тарабынан колдоо тапты.

13-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйынга , 62 депутат каттоодон өтүп, алар бир добуштан документти колдоп беришти.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Жогорку Кеңеш президенттин жарлыгын парламент жыйынында карабагандыктан үч күндөн кийин өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктары айтылып жаткан.

Бирок, Сооронбай Жээнбеков 12-октябрь саат 20.00дөн 19-октябрь саат 07.00гө чейин Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Exit mobile version