Site icon Reporter.kg

Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

Жарлыкка ылайык, президенттин жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылынат.

Exit mobile version