Site icon Reporter.kg

Президенттин Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынындагы сөзү  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышып жатат. Президент  Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөдү.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:

“Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин урматтуу мүчөлөрү!

Урматтуу өнөктөштөр жана катышуучулар!

Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгемди коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты.

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат.

Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.

Мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө. Бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар оңдолууда.

Мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталган. Бизнес коомчулугу, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ошондуктан, мен 28-ноябрда жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм.

Урматтуу катышуучулар!

Өзүңүздөр билесиздер, ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени,  мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек.

Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!

Бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет. Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл.

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндөгү укук коргоо жана сот органдарынын акыйкат иш-аракети – элдин ишенимин арттыруунун бирден-бир булагы. Мамлекеттин жана жалпы эле Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатына ишеним жаратуу алардын ишмердүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан элдин, катардагы жарандардын кызыкчылыгы үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда ачык-айкындыкты максималдуу түрдө камсыздоо зарыл. Арыздарды кароонун убактысы Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган учурдан баштап, ишти кароонун жыйынтыгын алганга чейин так болушу керек.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл. Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.

Кеңештин урматтуу катышуучулары!

Кен байлыктар, жер, суу, жайыттар – булардын баары улуттук байлык. Жерди трансформациялоо маселесинде да бир топ көйгөйлөр бар. Жер сатуу — алдамчылардын, шылуундардын алектенген иши болуп келген. Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо максатында «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койгом. Ошондуктан жерлерди инвентаризациялоо маселесин жана жерлердин бардык категорияларынын акыркы реестрин аныктап-тактап, бүткөрүү зарыл.

Жерлерди трансформациялоодо мурунку кетирилген каталарга жол бербей, буга чейинки трансформациялоонун сабактарын эске алуу абзел. Өзгөчө, Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай, коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.

Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл. Бул усул – көйгөйдү чечүү механизмдеринин бири. Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ошондой эле, коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек. Коррупцияга каршы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, коомдо коррупцияга каршы атмосфераны түзүү үчүн коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл.

Азыркы учурда кыргыз коомчулугуна жаңы идеология керек. Тактап айтканда, коррупцияга малынбаган чиновник, коррупцияга аралашпаган бизнесмен, коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл. Ошондо гана биз коррупцияны ооздуктап, аны жоюуга бет алабыз деп ойлойм.

Кыргызстандын эли парламенттик шайлоо таза жана татыктуу өтөт деген ишенимде. Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш, керек болсо андан дагы коркунучтуу көрүнүш!

Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт. Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргызстандын ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, Министрлер Кабинети жана күч органдары дагы мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөт деп элибизди ишендирип кетким келет» — деди.

Exit mobile version