Site icon Reporter.kg

Президенттин аппарат башчысы коронавирустан айыкты

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирус илдетинен айыгып, жумушка чыкты. Бул туурлуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Кудайга шүгүр, оорудан үй шартында изоляцияда болуп, врачтын телефондон күнүгө берген көрсөтмөсү менен дарыланып, айыктым. Кайра тапшырган тест таза чыкты”, – деген ал.

Досалы Эсеналиедин коронавирус жуктуруп алгандыгы туурлуу маалымат 28-июнда айтылган.

Exit mobile version