Site icon Reporter.kg

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси алмашты

Муратбек Азымбакиев Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын ордуна Тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болуп Сагынбек Абдумуталип дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга Садыр Жапаров кол койгон.

Exit mobile version