Президенттин басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун өмүр баяны

Президенттин басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун өмүр баяны

Жакында эле Нургазы Анаркулов Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
Өлкө башчысынын жаңы басма сөз катчысынын өмүр баянын окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.

Нургазы Анаркулов 1979-жылы 17-июнда туулган.

Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

1996-1997-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинде кабарчы болуп иштеген.

1997-1998-жылдары — «Кыргыз Руху» гезитинде кабарчы.

1998-2002-жылдары «Аалам» гезитинде алгач кабарчы, кийин саясат бөлүмүнүн башчысы, анан башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген.

2002-2004-жылдары — «Правда Кыргызстана» гезитинин башкы редактору.

2004-2007-жылдары — «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редакторунун орун басары.

2007-2009-жылдары — «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин саясат жана маалымат бөлүмүнүн башчысы.

2009-2010-жылдары — «Народная газета» гезитинин башкы редактору;

2010-жылдын октябрынан тартып 2020-жылга чейин «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>