Президенттин басма сөз кызматы: Медиага карата териштирүүлөр укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек

Президенттин басма сөз кызматы: Медиага карата териштирүүлөр укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек

Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек. Мындай пикир  президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» басылмаларынын банктык эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүүсүндө айтылат.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдогону белгилүү. Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Кыргыз Республикасынын президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт.

Мамлекет башчысы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек.

Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз», — деп жазылат Стамалиеванын билдирүүсү.

Кечээ, 12-декбарда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

 Көп өтпөй Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>