Президенттин басма сөз кызматын Нургазы Анаркулов жетектейт

Президенттин басма сөз кызматын Нургазы Анаркулов жетектейт

“Майдан” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону өлкө башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда бул кызматты адегенде Толгонай Стамалиева, андан кийин Наргиза Мансурова жетектеген.

Нургазы Анаркулов парламенттик шайлоо учурда “Мекенчил” партиясынын маалымат бөлүмүн башкарган. Ал эми “Майдан” гезити УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевке таандык экендиги айтылып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>