Site icon Reporter.kg

Баткендеги курулуш: Туманбаев журналисттин иликтөөсүнө жооп берди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Спутник» маалымат агенттигинин журналисттеринин «Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?» аттуу иликтөөсү боюнча комментарий берди.

Туманбаев Region телеканалына берген маегинде билдиргендей,  анын «Аманат курулуш инвест» компаниясына эч кандай тиешеси жок.

«Бул 2021-жылы сатып алган компания экен. «Аманат курулушту» мен тандаган эмесмин, аны Мамкурулуштун мурунку жетекчисинен сураш керек. Мамкурулуш тендер өткөргөн, анын негизинде эң арзан бааны бергендигине байланыштуу ошол компания утуп алган. Бирок өзгөчө кырдаал режими болгондуктан, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен тендер болбошу керек эле. Тилекке каршы, ушул жерде дагы Мамкурулуш агенттиги тарабынан мыйзам бузулган. Тендер өткөрүлгөн. Эки жолу бул компания баш тарткан экен. Бирок президентке үйлөрдүн сметасын алып келгенде, ал жерде 5 млн 700 миң сом (бир үйдүн баасы – ред.) көрсөтүлгөн болчу. Сумма өтө чоң болгондугуна байланыштуу президент күмөн санаган. Андан кийин смета түзгөндөрдү, эксперттерди топтоп, жыйын өткөрүп эсептегенде сумма 3 млн 300 миң сомдун тегерегинде чыккан. «Аманат» компаниясы курулушту 33 компанияга бөлүп берип, көзөмөлдөп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, аталган иликтөө 30-январда чыгып, анда Баткенде талкаланган үйлөрдү куруудагы көмүскө кызыкчылыктар тууралуу сөз болот. Иликтөөдө айтылгандай, «Аманат курулуш инвест» компаниясын жетектеген 20 жаштагы студент 420 үйдү куруу үчүн 1,3 миллиард сомдук тендерди утуп алган. Ал томолой жетим болгондуктан окуу жайында контракт төлөөдөн бошотулган. Бир айдан кийин компаниясын Давид Камбаров аттуу жаранга саткан. Ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айылдашы экени белгилүү болгон.

Учурда Баткендеги үйлөр толугу менен курулуп бүтө элек.

Аталган иликтөө боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев териштирүү жүргүзүлөрүн билдирген.

Прокуратура Баткендеги 1,3 млрд сомдук тендерди текшерет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version