Президенттин м.а. Мамытов кыргыз элин жылдагыдан өзгөчө куттуктады — видео

Президенттин м.а. Мамытов кыргыз элин жылдагыдан өзгөчө куттуктады — видео

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жалпы кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады.

Өз сөзүндө Мамытов бул жыл оор, сыноолорго бай болгонун айтып, кыйын кырдаалда кыргыз эли биримдигин, ынтымагын далилдегенин белгиледи.

Ошондой эле кийинки жылда кыргыз элине кут келсин, ийгиликтер коштосун деген каалоолорун айтты.

Буга чейинки өлкө башчыларынын жаңы жылдык билдирүүлөрүнөн айырмаланып, бул жылы президенттин милдетин аткаруучу менен кошо дарыгер, ыктыярчы мугалим ж.б. кесип ээлери да бирге куттуктап, кыргыз элине калоо-тилектерин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>