Президенттин м.а. Талант Мамытов Орусияга барат

Президенттин м.а. Талант Мамытов Орусияга барат

Президенттин м.а., Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге таянып РИА Новости жазды.

Басылманын маалыматына караганда, иш-сапар 7-декабрга белгиленген. 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 30-ноябрдө өткөн онлайн жыйынында МамДуманын төрагасы Мамытовго төмөндөгүдөй кайрылган:

“Сизди дүйшөмбү күнү Орусия Федерациясына жасаган расмий сапарыңыз учурунда көрөбүз деп үмүттөнөм. Биз көптөгөн маселелербиз кенерирек талкуулай алабыз”.

Азырынча Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Талант Мамытовдун Орусияга иш сапар менен барары тууралуу маалымат тарата элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>