Президенттин маалымат катчысы элчи болуп дайындалды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады. Эрбол Султанбаев элчилик менен бирге Кыргызстандын КМШдагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү ишин дагы аркалайт. Ал 32 жашта, Кыргыз-орус славян университетин Банк иштери боюнча бөлүмүн аяктаган. Эрбол Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери Садыр Жапаровдун маалымат катчысы кызматын аркалап келген. … Читать далее Президенттин маалымат катчысы элчи болуп дайындалды