Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго тапшырылат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди.
“Президенттин милдетин аткаруу ЖК төрагасына өтөт автоматтык түрдө өтөт. Ал эми премьер-министрдин укуктары бул шайлоо өткөнгө чейин токтоп турат. Ага чейин өкмөт башчынын милдети биринчи-вице-премьер министрге жүктөлөт”, — деди Жапаров.