Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго өттү

Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго өттү

Садыр Жапаров президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу  президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовго өттү.

Конституциясынын 68-беренесине ылайык, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдетин эми Жогорку Кеңештин төрагасы аткарып турат.

Ал кызматтык милдеттерине киришип жатып “президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм” деп убада берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 14-ноябрь саат 23:59га чейин БШКга арыз берипши керек. Азыркы тапта арыз бергендердин саны 63 адамга жеткен. эми алар 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек. Андан соңталапкер болуп катталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>