Site icon Reporter.kg

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун текшерди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда темир жол өтүүчү аймакка электр чубалгыларын тартуу иштери 95%га бүттү.

Узундугу 12 километр болгон тоннелди, эки жумушчу шаарчасын жана темир-бетон конструкцияларын чыгаруучу заводду куруу боюнча  иштер жүрүп жатат.

Курулушка 200дөн ашык адам жана атайын техникалар тартылган.

Текебаев экологиялык нормаларды сактап, бардык иштерди өз убагында бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

Exit mobile version