Site icon Reporter.kg

Президенттин жарлыгы менен Бишкекте Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтөт

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 30-июнга белгиленди.

Белгилүү болгондой, буга чейин соттун чечими менен Бишкектин Свердлов районунан депутат болгон Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылган. Ага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы президентке аталган райондо мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча сунуш жолдогон.

Атазовдун мандаты Муртазалиевге берилбейт. БШК президентке шайлоо өткөрүүнү сунуштады

Exit mobile version