Пригородныйда өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар башка жактан келгендер

Пригородныйда өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар башка жактан келгендер

Пригородный айылында айыл өкмөттүн имаратына кирип, өздөрүн өрттөйбүз деп жаткан аялдар бул айылдын тургундары эмес. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди

Ал 10 чакты аял таңга маал келип, айыл өкмөттүн имаратынын күзөтчүсүнүн бөлмөсүнө кирип эшигин бекитип алганын айтты.

«Таңкы саат бештерде 10 чакты аял келип, күзөтчү нөөмөтүн өткөрүү үчүн эки жакты тазалап жатканда, күч менен күзөтчүнү кууп чыгып, ичинен бекитип алышкан. Бул аялдардын бири дагы биздин айылдын тургундары эмес. Бишкектен келдик деп айтышууда. Эмне себептен бул жакка кирип алгандары такталууда. Эртең менен суу жана башка азыктарды киргизип бергенбиз», — деди айыл өкмөт башчысы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>