Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү митингге чыкты

Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү митингге чыкты

Бүгүн, 25-февралда Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетүүсүн талап кылган акция өттү.

Нааразы болгон 200дөй адам Профсоюздар үйүнүн алдына чогулуп, алар Асанакуновдун федерацияны мыйзамсыз жетектеп жатканын айтышты. Мындан сырткары мекеменин башчысы федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип келгенин дагы кошумчалашты.

Андан соң чогулгандар Ак Үйдүн алдына барып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын эл алдына чыгуусун талап кылышты. Ошондой эле алар Асанакуновдун иш бөлмөсүндө төрт киши ачкачылык кармап отурганын билдиришти.

Митингдин катышуучулары кайра Профсоюздар үйүнө келип, Мирбек Асанакуновго кирүүгө аракет кылышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>