Site icon Reporter.kg

Прокуратура: Чүйдө мыйзамсыз сатылган жер кайтарылды

Чүй облусунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1,29 га жерди арзан баада сатканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзам бузуу Жайыл райондук прокуратурасынын текшерүү иштеринин жыйынтыгында ачыкталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнө же башка жактарга пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында, мыйзам талаптарын бузуу менен Т.К. аттуу жаранга 1,29 га жер тилкесин аукцион аркылуу арзандатылган баада, тагыраагы 326 миң 370 сомго сатып жибергендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

«НЦН» бейөкмөт экспертиза уюмунун корутундусуна ылайык, жер сатуу учурунда анын баасы 3 млн 503,5 миң сомду  түзгөн. Натыйжада мамлекетке 3 млн 177,1 миң сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен Талды-Булак айыл өкмөтүнүн А.А. аттуу мурдагы башчысына айыбы угузулган.

Мындан сырткары, аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган жана жер тилке муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жердин базар баасы 10 млн 455,6 миң сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version