Кыргызстанда барган сайын каржы пирамидалары көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Анын айтымында, элге батир жана башка көп нерселер убада кылынууда.
«Укук коргоо органдары, прокуратура, милиция аларга “крыша” болуп жатат. Сузакта 900 миң долларлык заводу бар инвесторду прокуратура коргоп жатат. Иш токтоп калды. Завод бир адамдан түтүк сатып берем деп 120 миң доллар алып, бирок эч нерсе кылган эмес. Ал тууган болгондуктан бул ишти прокуратура токтотту», — деди ал.
Эл өкүлү каржы пирамида менен алектенген адамдардын кылмыш иши жылдап каралбай жатканын айтып, бүгүн прокуратура менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн угууну сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз