Site icon Reporter.kg

ПРООН Юстиция министрлигине аймактарда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү үчүн автобустарды берди — видео

ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен «Тилектештик автобус» долбоорунун алкагында  Юстиция министрлигине эки кичи автобус тапшырды.

Автобустар Ош жана Чүй облустарынын айылдарына жана алыскы калктуу конуштарына акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүлөт.
Иш-чарага ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен жана юстиция министри Марат Жаманкулов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Марат Жаманкулов кызматташтыктын жогорку натыйжалуулугун жана ПРООН менен министрликтин эки тараптуу жемиштүү ишин баса белгиледи. 

Кызматташтык башталгандан бери, ПРООН тарабынан акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 27 борбордун ичинен 13нүн ачылышын колдоого алды.

Exit mobile version