Site icon Reporter.kg

Балбандарга психолог менен диетологдордун деле кажети жок, — Спорт департаментинин директору

Күрөш боюнча балбандарга психолог менен диетологдордун кажети деле жок. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Париждеги Олимпиададан келген спортчулардын катышуусунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Департаменттин дирекоруна журналисттердин бири «келерки Олимпиадада алтын байгеге жетиш үчүн кандай иштерди алып баруу керек, диетолог менен психолог жок экени айтылды, алар жумушка тартылабы?» деген суроо узатты.

Абдымомунов Спорт департаменти, Олимпиада комитети Париж Олимпиадасында кетилирген каталарды эске алып, 2028-жылдагы Олимпиадага дайындык көрө тургандарын айтты. Ал балбандарга психолог менен диетологдун деле кереги жок деген пикирин билдирди.

«Ар бир машыктыруучу спортчуларды ичинен ийне-жибине чейин билет. Мисалы, диетологдор келет да, бир эле прогарамманы түзүп берип кетет. Ал эми спортчулар машыгуу жыйындарында айлап жүрүшөт, мелдештерге катышат. Ошол эле психолог менен диетологдор аларды коштоп жүрө албайт. Бир программаны берип коет, бирок ар кандай учурлар болуп калат. Агайлар бир жылга, андан кийин келерки Олимпиадага деп 4 жылдык программа түзөт. Ошонун негизинде башкы машыктыруучулар иштеп баштайт. Психолог менен диетологдун деле кажети жок», — деди ал.

Анын айтымында, ар бир агай спортчунун эмне жеп-ичиши керектигин, өзүнө канчалык күч келтириш керектигин жакшы билет.

Эскерте кетсек, Париждеги Олимпиадага катышкан спортчуларда диетолог жана психологдору жок экенин айтылып, коомчулуктун сынына кабылган.

Exit mobile version