Site icon Reporter.kg

Путин 15-октябрда Бишкекке келет

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келерин тастыктады. Анын Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен эки тараптуу жолугушуусу да Бишкекте өтөөрүн РИА Новости билдирди.

Буга чейин Александр Лукашенко кечээ Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, 15-октябрда аны менен Кыргызстанда жолугушууну пландап жатканын билдирген.

Дмитрий Песковдун айтымында, эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү да болгон.

«Путин менен Лукашенко телефон аркылуу көп сүйлөшөрүн биз бир нече жолу билдиргенбиз. Күн тартиби, өзүңүздөр көрүп тургандай, баттан өзгөрүп жатат, андыктан мындай байланыштардын күн тартиби ар дайым толук”, — деп жыйынтыктады Песков.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version