Путин 71 жашында президенттикке талапкер болушу мүмкүн

Путин 71 жашында президенттикке талапкер болушу мүмкүн

Орусиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр Мамлекеттик Дума тарабынан 380 добуш менен колдоо тапты.

Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүгө ылайык, Владимир Путин 2024-жылы президенттикке талапкерлигин коё алат.

“Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек”, — деген Путин.

Эгер Владимир Путин 2024-жылкы шайлоодо президенттикке талапкерлигин коюп, жеңишке жетсе ал дагы бир мөөнөткө өлкө президенти болуп кала алат. Учурда Путин 67 жашта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>