Путин: Батышка багыт алган Кыргызстанда бийлик дайым башаламандык менен алмашат

Путин: Батышка багыт алган Кыргызстанда бийлик дайым башаламандык менен алмашат

Орусиянын президенти мындай пикирин 17-декабрда салттуу басма сөз жыйынында билдирди. Журналист Путинден Кыргызстандагы, Молдовадагы жана Беларустагы кырдаал тууралуу сурап, ал союздаштарын жоготуп алуудан чочубайбы деген маселеге кызыккан.

«Бул сиз айткандай «орто жаштагы кризис» эмес. Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолот. Дайыма ички саясий турмушун айрым Батыш өлкөлөрүнүн бычымына ылайыктоого аракеттенип алдыга чуркашат. Бирок Кыргызстанда саясий түшүнүктүн деңгээли, саясий институттардын өнүгүшү маселен, Франциядагыдай же Германиядагыдай эмес да. КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан көрүнүштөр – бул өз жолун издөө аракети», — деди Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 17-декабрда жыл аягында болуучу салттуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйынга президент Путин өзүнүн шаар сыртындагы резиденциясынан онлайн байланышты. Журналисттер Москвадагы Дүйнөлүк соода борборуна жайгашып, Путинге видео байланыш аркылуу суроо беришти. Бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар экени кабарланды.

68 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери президент, өкмөт башчы катары башкарып келет.

Кыргызстанда эгемендик жылдары беш президент алмашты. 1991-жылы мамлекет башына келген Аскар Акаев 2005-жылы март окуяларында өлкөдөн качып кеткен. Анын ордуна президент болуп шайланган Курманбек Бакиев 2010-жылы кандуу апрель окуясынан соң үй-бүлөсүн алып, Беларуска качып кеткен.

2010-жылы референдум менен мамлекет башына келген президент Роза Отунбаеваны 2011-жылы президенттик шайлоодо утуп чыккан Алмазбек Атамбаев алмаштырган. Алмазбек Атамбаевден кийин 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков шайлоодо президент болуп шайланган. Ал быйыл 4-окятбрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, саясий кризистен кийин, 17-октябрда президенттик кызматтан баш тарткан. Анын ордуна 6-октябрдын түнүндө түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп отурган. Анын буйругу менен Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, 10-январга белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>