Путин Беларустагы окуялар жөнүндө айтып жатып, Кыргызстанга дагы токтолду

Путин Беларустагы окуялар жөнүндө айтып жатып, Кыргызстанга дагы токтолду

Бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйыны өтүп жатат.

Орусиянын төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Кыргызстандын атынан президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин коопсуздук маселесине токтолуп, ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ички саясатына барган сайын сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү күчөп жатканын айтты.

«Эгемендүүлүктү одоно бузуу, коомду бөлүп-жаруу, мамлекеттин векторун өзгөртүү, кылымдар бою келе жаткан саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды бузуу жөнүндө сөз болуп жатат. ШКУнун байкоочусу болгон Беларус дагы тышкы күчтөрдүн мындай соккусуна кабылды. Акыркы шайлоодон кийин биздин белоруссиялык досторго болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлүп жатат. Алар санкцияларга жана провокацияларга каршы туруп, аларга каршы маалыматтык жана үгүттөө согуш жүргүздү. Сырттан келген адамдын Беларус элине кандайдыр бир чечимдерди кабыл алышына жол бербейт деп эсептейбиз, биз аны беларустарга жайбаракат түшүнүп, керектүү кадамдарды жасашыбыз керек. Ушул эле нерсе Кыргызстандагы акыркы окуяларга толугу менен тиешелүү”, — деди ал.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө өлкөлөр – Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Индия, . Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларус, Иран, Монголия.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>