Путин дагы эки мөөнөткө президенттикке талапкерлигин коюуга мүмкүн болгон мыйзамга кол койду

Путин дагы эки мөөнөткө президенттикке талапкерлигин коюуга мүмкүн болгон мыйзамга кол койду

Дүйшөмбү күнү Орусиянын президенти Владимир Путин дароо бир нече мыйзамга кол койду.

Алардын бири Путиндин өзүнүн президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарат. Документке ылайык, эки мөөнөт президент болгон Орусиянын жараны кайрадан ал кызматка шайлана албайт. Бирок өлкөнүн азыркы башчысы бул мыйзам күчүнө кире электе президенттик кызматты аркалагандыктан, бул чектөө ага тиешелүү болбойт. Демек, Владимир Путин эми дагы эки жолу президенттик шайлоого талапкер катары катыша алат.

Владимир Путин Орусияда 2000-жылы жана 2004-жылы президенттикке шайланган. 2008-жылы өлкө башчысы кызматына Дмитрий Медведев келип, Путин премьер-министр болуп иштеген. 2012-жылы ал үчүнчү мөөнөткө шайланып келип, ошол эле жылы мамлекет башчынын ыйгарым укуктары төрт жылдан алты жылга узартылган. 2018-жылы төртүнчү жолу шайланган.

Путин былтыр июндун аягында орусиялыктар Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдосо, президенттик кызматка талапкерлигин коюшу мүмкүн экенин билдирген.

«Өзүм үчүн эч кандай чечим кабыл ала элекмин. Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөр кирсе, талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Убагы келгенде көрөбүз», — деген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>