Site icon Reporter.kg

Путин Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады

Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйлады.

Путин кол койгон жарлыкта, Рахмон эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө, аймактык коопсуздукту камсыздоого салым кошкону айтылат.

«Россия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн Эмомали Рахмон — Тажикстандын президенти III даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйлансын», — деп айтылат документте.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version