Site icon Reporter.kg

Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне талкууланды?

Режеп Тайып Эрдоган Анкара Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ал орус лидеринин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча билдирүүсүн кубаттады. Түркиянын башчысынын айтымында, жаңжалды жөнгө салуу үчүн «мүмкүнчүлүк терезеси» ачылды.

Ал орус президенти Владимир Путиндин 15-майда Стамбулда Украина менен түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз жандандыруу тууралуу сунушун колдоого алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер, аймактагы кырдаал жана эл аралык маселелер дагы талкууланды. Түркия бул демилге аркылуу аймактагы стабилдүүлүктү жана тынчтыкты камсыздоого салым кошууну көздөп жатат.

Эске салсак, Владимир Путин буга чейин Украина менен сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы үзгүлтүккө учураган Стамбул форматына кайтуу аркылуу жандандырууну сунуштаган. Бул сунушка АКШ жана Украина да өз позициясын билдиришкен.

Exit mobile version