Site icon Reporter.kg

Путин менен Трамп телефондук сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүлөрү

Кечээ Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүсү болду. Сүйлөшүүлөр 2 саат 5 мүнөткө созулуп, андан соң мамлекет башчылары билдирүү жасашты.

Путин эмне деди?

— Россия Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууну жактайт, бирок тынчтыкка карай эң натыйжалуу жолдорду иштеп чыгуу зарыл.

— АКШнын башчысы согуштук аракеттерди токтотууга байланыштуу өз позициясын билдирди.

— Россия Украина менен меморандум, анын ичинде ок атышууну токтотуу боюнча иштөөгө даяр.

— Москва менен Киев тынчтыкка максималдуу умтулуусун көрсөтүп, бардык тараптарга ылайыктуу компромисстерди табышы керек.

— Трамп менен сүйлөшүү маалыматтуу, ачык жана абдан пайдалуу болду. Путин Америка лидерине Россия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого АКШнын катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Трамп эмне деди?

— Россия менен Украина ок атышпоого жетишүү жана согушту токтотуу үчүн дароо сүйлөшүүлөрдү баштайт.

— Шарттарды эки тарап мүмкүн болушунча тезирээк талкуулашат, анткени алар сүйлөшүүлөрдүн башка эч ким билбеген чоо-жайын билишет.

— АКШ президенти бул тууралуу Путин менен сүйлөшкөндөн кийин дароо Зеленскийге, фон дер Лейенге, Макронго, Мелониге, Мерцке жана Стубга билдирген.

— Орус лидери менен баарлашуу “эң сонун болду”.

— Россия конфликт аяктагандан кийин АКШ менен ири соода жүргүзүүгө кызыкдар жана Трамп да макул.

Exit mobile version