Site icon Reporter.kg

Путин мобилизациядан качкан орусиялыктар туурасында айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери өлкөдөн чыгып кеткен жарандар тууралуу журналисттерге айтып бергенин Tengrinews.kz жазып чыкты.

«Мен эмоционалдык эмес, укуктук баа берүүнү туура көрөт элем. Ар бир конкреттүү учурда кайсы бир жарандын аракетине юридикалык баа берилет. Кимдир бирөө бир нерседен коркуп кетти, бирөө мобилизациядан качам деп кетти, дагы бирөө үчүн башка себептер… Ар бир конкреттүү учурда юридикалык баа берип, конкреттүү бир адамга карата ошонун негизинде гана иш алып баруу керек. Менин оюмча, башкача иш кылуу мүмкүн эместей сезилет», — деди Путин Астанадагы маалымат жыйынында.

Анын айтымында, жарым-жартылай мобилизациянын алкагында 222 миң адам чакырылып, бардык мобилизациялык иш-чаралар эки жуманын ичинде жыйынтыкталат.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 4-октябрга карата Орусиянын 200 миңден ашуун жараны Казакстанга кирсе, 147 миңи өлкөдөн чыгып кеткен.

Exit mobile version