Site icon Reporter.kg

Путин Назарбаевдин Зеленский менен Нур-Султан шаарында жолугушуу сунушуна жооп берди

Орусия мурдагы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Украина боюнча сунушуна жооп берди.

Орус президенти Владимир Путин Украина лидери Владимир Зеленский менен «норманд форматында» пландалып жаткан жолугушууга чейин кайсы бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бейшембиде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты:

«Норманд форматына» чейин жолугушуу өткөрүү тууралуу сөз жок. Себеби биз норманд форматында сүйлөшөбүз деп макулдашканбыз. Ошондуктан даярдыгы жок жолугушуу уюштура калат элек деп убара болуп, ары-бери чуркоонун эмне кереги бар? Андайга эч ким, мен да, президент Зеленский да кызыкпайт го деп ойлойм. Биз ансыз деле экөөбүз телефондон сүйлөшүп турабыз. Ортобузда толук байланыш бар.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салыш үчүн Путин менен Зеленскийге Нур-Султан шаарында жолугушууну сунуш кылган. Ал 12-ноябрда буга чейин орус жана украин преизденттери менен жолукканын, аларга жеке жолугушуу зарыл деп эсептей турганын кошумчалаган.

Назарбаев Зеленский бул сунушка макул экенин, эми Путиндин жообун күтүп жатканын айткан.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Украин аскерлери менен жикчилердин согушунан ошондон бери 13 миңден ашуун адам курман болду.

Exit mobile version