Путин: Орусия Кыргызстанды “бутуна тургузуу” үчүн көп иш жасады – видео

Путин: Орусия Кыргызстанды “бутуна тургузуу” үчүн көп иш жасады – видео

Валдай эл аралык дискуссиялык клубунун пленардык отурумунда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча комментарий берди.

“Ал жакта болуп жаткан окуялар Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамдарын шилтеп жатышат ”, — деген ал

Путин ошондой эле Кыргызстан бутуна турушу үчүн Орусия көп иш жасагандыгын белгилеген.

«Албетте, биз ал жерде болуп жаткан окуяларга тынчсызданбай коё албайбыз. Бирок биз алардын ишине кийлигишпейбиз», — деп баса белгиледи Орусиянын мамлекет башчысы.

Путин Орусия Кыргызстандагы кырдаал турукташса, эки өлкө ортосундагы тыгыз мамилелер улана берерин кошумчалаган.

Белгилей кестек, Кыргызстандагы башаламандык менен коштолгон акыркы окуялардан кийин Орусия каржылык колдоону убактылуу токтотуп койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>