Site icon Reporter.kg

Путин Садыр Жапаровду парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады

3-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аракеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүү жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ошондой эле кесиптешине Кыргызстанда өлкө Конституциясына жана эл аралык ченемдерге ылайык өткөн парламенттик шайлоолор тууралуу айтып берди.

Ал орус тарапка шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышкандыгы үчүн, Россия аймагында кыргызстандыктардын добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн, ошондой эле шайлоолорду өткөрүүдөгү орус тараптын жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге Орусия тараптын коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерине каршы күрөштө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу, анын ичинде «Спутник-лайт» вакциналарынын кезектеги партиясын жеткирүүсүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы кошумча аба каттамдарын уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровду шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап жана Кыргызстандын элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалады.

Учурдан пайдаланып Владимир Путин дагы Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантууга келишишти.

Exit mobile version