Путин талапкерликке көрсөткөн Михаил Мишустин Орусиянын премьер-министри болуп дайындалды

Путин талапкерликке көрсөткөн Михаил Мишустин Орусиянын премьер-министри болуп дайындалды

Орусиянын президенти Владимир Путин Михаил Мишустинди өкмөт башчы кызматына, Дмитрий Медведевди Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары кызматына дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Буга чейин Мамлекеттик Дума президент тарабынан премьер-министрлик кызматка сунушталган Мишустиндин талапкерлигин колдогон. Анда Коммунисттер партиясынын депуттары гана добуш берүүдөн карманып, калгандарынын бардыгы макул болгон.

Депутаттардын алдында сүйлөгөн Михаил Мишустин улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, Путиндин май айындагы буйруктарын ишке ашырууга убада берди. Бирок өкмөттүн жаңы курамы тууралуу эч нерсе айткан жок.

Владимир Путин 15-январда өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөткөн. Анын алдында Федерация кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алган. Анда Медведев Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү кызматтан кетерин жарыялаган. Ал мындай кадамды президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>