Site icon Reporter.kg

Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атышпоону жарыялады

Россия Федерациясынын  президенти Владимир Путин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Украина менен убактылуу ок атышпоону жарыялады.Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

Эске сала кетсек, чечим 2025-жылдын 28-апрелинде кабыл алынып, 8-майдын түн ортосунан 11-майдын түн ортосуна чейин күчүндө болот.
Буга чейин маалым болгондой, аталган мезгилде Россия тарап бардык согуштук аракеттерди токтотот. 

Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, бул кадам гуманитардык себептерден улам кабыл алынган.
Россия тарап Украинанын да ушул демилгени колдойт деп үмүттөнөт. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, эгер Украина демилгени бузса Россия тез арада жооп берет.

Бул ок атышпоо Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын тынч өтүшүн камсыздоого багытталган. Ошондой эле, бул чечим Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы башталгандан бери жарыяланган биринчи толук ок атышпоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, Украина бул демилге боюнча расмий жооп бере элек.

Exit mobile version