Путин: Жерүй кенине Орусия 600 млн доллар инвестиция салат

Путин: Жерүй кенине Орусия 600 млн доллар инвестиция салат

Жерүй кенине Орусия 600 млн доллар инвестиция салат. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн,  17-мартта Талас облусундагы Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде билдирди.

“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат», -деди Путин өз сөзүндө.

Белгилей кетсек,  бүгүн,  17-мартта Таластагы Жерүй кенинде алтын иштетүүчү комбинатын ачылышы болду.  Ага президент Садыр Жапаров жана телекөпүрө форматында Орусия президенти Владимир Путин дагы катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>