Раим Матраимов Бажы кызматынын башчысы менен сүрөткө түштүбү? Мамкызматтын жообу

Раим Матраимов Бажы кызматынын башчысы менен сүрөткө түштүбү? Мамкызматтын жообу

Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаевдин аталган кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен бирге түшкөн сүрөтү боюнча МБКнын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

«Бул сүрөт 2015-жылы бажы кызматкери өткөргөн иш-чарада Ошто тартылган. Ал учурда Раим Матраимов Ош бажысынын жетекчиси жана 1997-жылдан 2017-жылга чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

Айтылып жаткан сүрөттө 1995-жылдан 2017-жылга чейин бажы тармагында иштеген Марифов Шарабидин Жолборсхановичтин да сүрөтү бар. Ал 2017-жылы жол кырсыгынан каза болгон”, — деп жазылат маалыматта.

Бул сүрөт интернетке жарыялангандан кийин жергиликтүү басылмалар, Мамлекеттик бажы кызматынын  учурдагы төрагасы Раим Матраимов менен сүрөткө түштү деп жазып чыгышкан.

Бажы кызматынан билдиргендей,  сүрөттөгү белгиленген адам маркум Шарабидин Марифов

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>