Site icon Reporter.kg

Раиса Атамбаева: «Эриңди таштап чет жакка кет» деген сунуш түштү

Раиса Атамбаевага Алмазбек Атамбаевди таштап башка өлкө кетип калуу сунушталды. Бул туурасында Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан иш-чарада Раиса Атамбаева өзү айтты.

Ал эч качан таштап кетпээрин кошумчалады.

“Анын сунушуна эч качан макул болбойм. Ошондой эле Алмаздын жанындамын, ар эки жумада жолугуп турабыз. Аны 30 жыл абакта отурса да күтөм” деди.

Бул сунушту ким бергенин ачык айткан жок.

Exit mobile version