Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун 6-декабрдагы өкүмү менен Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) жана 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айыппул салынган.
Соттон белгилешкендей, Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, тиешелүү макулдашуу түзүп, келтирилген материалдык зыянды төлөгөндүктөн, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесине ылайык ага эркинен ажыратуу жазасы берилген эмес.
Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Ал 26-мартта УКМК тарабынан Азербайжандан Бишкекке алынып келген.
Атайын кызмат Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканын кабарлаган.
Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулган. Ошондой эле 169-берене 280-беренеге өзгөртүлгөнү соттун өкүмүнөн кийин белгилүү болду.
Матраимов 7,5 ай камакта отургандан кийин 11-ноябрда эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекетке 200 млн доллар төлөп, камактан бошотулганын билдирген.
2021-жылы ал «коррупция» беренеси менен соттолгон. Анда да Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган.
Ташиев: Матраимов 200 млн доллар төлөп, камактан чыкты (видео)