Site icon Reporter.kg

Сот 15 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаранды толук актады

Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жашар кызды зордуктоо иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу өспүрүмдүн жактоочусу Айсулуу Ибраимова Reporter.kg’ге ге билдирди.

Сот 19 жашар айыпталуучуну толук актады.

«Өкүм менен макул эмеспиз. Шаардык сотко даттанабыз. Кыз азырга чейин психологдон жардам алып жүрөт», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районунда жашаган кыз  2022-жылы 7-декарда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп, аны 2 күндөн кийин табышкан. Аны менен бирге  эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Милиция бөлүмүндө өспүрүм зордукталганын айтып берген.

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран эркиндикте жүрөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version