Райымбек Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеттиби?

Райымбек Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеттиби?

Бажы кызматынын мурдагы орунбасары , коомчулукка “Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимов үй бүлөөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кетти деп Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Фейсбукка жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында Матраимов 4 күн мурун чыгып кеткен.

Аталган маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын такоого мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>