Site icon Reporter.kg

Райымбек Матраимов атайын эсепке канча акча которгону белгилүү болду

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Борбордук экономикалык мунапыс боюнча ачылган атайын эсепке бүгүнкү күнгө карата 539,3 миллион сом түштү. Бул маалыматты Казыналыктан маалымдашты.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон которулган акча бул сумманын 99,5% түзөт.

5-ноябрдан 17-ноябрга чейинки мезгилде ал атайын эсепке 536,9 миллион сом которгон.

“Калган 3,1 миллион сом экономикалык мунапыс боюнча жеке адамдардан түшкөн. Бул каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чечимди өкмөт кабыл алат ”, — деп жазылат маалыматта.

УКМК Райымбек Матраимовду 20-октябрда коррупция шектелип кармаганын кабарлаган.

Ушул эле күнү ал эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берип кайра кое берилген.

Тергөө менен кызматташканы айтылган Матраимов  мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирген.

Exit mobile version