Райымбек Матраимов эки айга камалды

Райымбек Матраимов эки айга камалды

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун баш коргоо чарасы жабык каралды.

Анда сот Райымбек Матраимовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Бирок айыпталуучунун жактоочусу соттун мындай чечимине макул эмес экенин билдирип, жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтты.

Белгилей кетсек, эки күн мурун Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешени адалдаштыруу фактысы боюнча шектүү катары кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>