Райымбек Матраимов тергөөдө кызматташканы үчүн камакка алынган жок

Райымбек Матраимов тергөөдө кызматташканы үчүн камакка алынган жок

Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташып, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралган.  Анда ал тергөө менен кызматташууга макул болуп, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергени үчүн камакка албоо чечими чыккан. 

Белгилей кетсек, кечээ, 20-октябрда Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Кийин улуттук коопсуздук комитети ал тергөө менен кызматташа тургандыгын, мамлекеттик бюджетке 2 миллиард сом зыян келтиргендигин моюнуна алып, аны толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө макул болгондугун кабарлаган. Ошондой эле Матраимов алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгонун билдиришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>