Site icon Reporter.kg

Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы Бишкектин сотунда каралат

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камакка алынышы боюнча Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 27-мартта Биринчи май райондук соту Матраимовдун бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганча 26-апрелге чейин камакка алган. Бул чечим боюнча Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко апелляция таштаган. Соттук отурум 15-апрелге саат 13:50гө белгиленди.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов УКМК тарабынан Азербайжандан 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелүүдө.

Райымбек Матраимов 1 айга камалды (видео)

Exit mobile version