Рак менен күрөшүүдө кофенин артыкчылыктары айтылды

Рак менен күрөшүүдө кофенин артыкчылыктары айтылды

Дана-Фарбер Рак Институтунун окумуштуулары күнүнө бир нече чыны кофе ичүү ичеги-карын рагы менен ооруган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртып, оорунун күчөп кетүү коркунучун азайтарын аныкташты. Суусундуктун шишик менен күрөшүүдөгү жаңы пайдасы JAMA Oncology жарыяланган макалада баса белгиленгенин lenta.ru басылмасы жазды.

Эксперттер жоон ичегинин жана көтөн чучугунун метастатикалык рак оорусунан дарыланган 1 миң 171 бейтап жөнүндө маалыматтарды анализдешкен. Күн сайын эки же андан көп чыны кофе ичкенин билдиргендер, кофе ичпегендерге салыштырмалуу узак жашашкан. Айтор, төрт кесе кофе ичүү андан да пайдалуу болду. Бул учурда, кофеин камтылбаган суусундук үчүн да таасир сакталып калган.

Изилдөөнүн жыйынтыктары так түшүнүк бере албаса дагы, илимпоздор кофенин курамында антиоксиданттар жана сезгенүүгө каршы кошулмалар сыяктуу өнүккөн ракка каршы активдүү заттар бар болушу мүмкүн деп эсептешет. Адистер суусундукту шишик менен ооругандарга колдонуу боюнча сунуштарды бере элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>