Рамазан айынын урматына Сузакта 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Рамазан айынын урматына Сузакта 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кечээ, 19-апрелде Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Рамазан айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу  Кызыл-Туу айыл  аймагындагы 230 үй-бүлөгө азык-түлүк  таратылды.

Азык-түлүктөр облус казысы Нематтулла ажы Жээнбеков, шаардын вице-мэри Руслан Алтымышов жана айыл аймактын кызматкерлери, айыл аксакалдарынын катышуусунда таратылган.

Майрамдык баштыкчанын ар биринде 10 килограмм ун, 5 литр май, 5 килограмм күрүч, 5 килограмм кум шекер, 5 килограмм макарон, 2 килограмм печенье, 1 килограмм курма жана 1 литр кайнатылган сүт, бир куту чай салынганы айтылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>